Аксыдагы 6 адамдын өмүрүн алган уулануу фактысы боюнча иш ачылды

Аксы районундагы 6 адам каза тапкан массалык уулануу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-март күнү таңкы саат 07:15 чамасында Аксы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Аксы аймактык ооруканасынын дарыгери кайрылып, Аксы районунун Кара-Суу айыл аймагынын 3 тургуну оор абалда, болжолдуу диагнозу “уулануу” менен кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын билдирген.

«Аталган факты боюнча Аксы РИИБинин жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу окуя болгон аймакка барып тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Алдын ала алынган ыкчам маалымат боюнча, 2-март күнү Кара-Суу айыл аймагынын 65 жаштагы Э.Б. аттуу тургуну 23-февраль жана 8-мартка карата туугандарына майрам уюштуруу максатында ашканага буюртма берген. Чакырылган жерге 19 адам барган.  Ал жерде туугандар өз ара майрамдап отурушкан. Конокторго тамак тартылган жана спирт ичимдиктери ичилген.

Отуруштан болжол менен саат 16:30да тарап кетишкен. 3-март күнү болжол менен саат 23:00 чамасында отурушка барган алты адам Кызыл-Туу айыл аймагына караштуу үй-бүлөлүк дарыгерлер бөлүмүнө жакын туугандары тарабынан жеткирилип, ал жерден алдын ала биринчи жардам көрсөтүлгөн. Абалдары оор болгондуктан жолдомо менен Аксы аймактык ооруканасына жөнөтүлгөн. Алардын үчөө жолдон, үчөө ооруканага келген соң каза болгон.

Бул факты Жазык кодексинин 280-беренеси «санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.