6 адамдын өмүрүн алган Аксыдагы уулануу. Иш сотко өткөрүлдү

Аксы районундагы массалык уулануу фактысы боюнча кылмыш ишинин материалдары сотко өткөрүп берилди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. 

4-мартта аймактык ооруканага тамактан ууланган төрт адам кайрылып, алардын үчөө реанимациялык чараларга карабастан каза болгон. Дагы үч жабырлануучу үйүндө каза болгон. Укук коргоо органдары Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу) жана 135-берене (байкабастыктан өлүмгө алып келүү) боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүшкөн. Кылмышка шектүү кармалган. Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги массалык уулануунун себеби суу менен суюлтулган спирт болгонун билдирген.