Аксыдагы сел. 5 жаштагы Айдардын сөөгү табыла элек

12-июлда Аксыда сел жүрүп, суу 8 адамды алып кеткен. Алардын ичинен 6 адамдын жансыз денеси табылган. Ал эми 5 жаштагы бала менен 3 жаштагы кыздын сөөгү дайынсыз болуп жаткан. 14-июлда 3 жаштагы кыздын жансыз денеси табылып, сөөгү жакындарына өткөрүп берилди. Ал эми 5 жаштагы Айдардын сөөгү дагы деле табыла элек.

ӨКМдин берген маалыматына караганда, анын сөөгүн издөө иштери бүгүн, 16-июлда да улантылат.

Буга чейин Айдардын таежеси СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Айдар 5 бир туугандын төртөнчүсү экенин. Аны окуя болгон күнү атасынын өкүл атасы куткара албай калганын айтып берген эле.