Аксыдагы селдин кесепетинен каза болгондордун алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Аксыда болгон сел кырсыгынан набыт болгон 6 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.

“Сел агызган сегиз адамдын ичинен жетөө бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени такталды. Жаан катуу жааган маалда алар Жолборсту айылында тигилген чатырда болушкан. Издөө иштеринин натыйжасында алты адамдын сөөгү табылды. Алар 63 жаштагы жана 40 жаштагы аялдар. Ошондой эле 12, 7, 16, 3 жаштагы балдар. Мындан сырткары, 5 жана 3 жаштагы бөбөктөр изделүүдө. Анын бирөө ушул үй-бүлөнүн мүчөсү”, — дейт Султанмуратов.

12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Мал-Калды жайлоосунда катуу сел жүргөн. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, 2 адам дайынсыз болуп жаткандыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкен. Учурда издөө иштерине 100 жакын адам тартылган.