Актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты

Бүгүн, 11-январда актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын жактоочусу билдирди.

«Бишкек шаардык соту Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Чыңгыз Мамаевдин кылмыш ишин карап чыгып, анда тергөө органдары тарабынан бир катар мыйзам бузуу болгонун, ошондой эле кылмыш ишинде Чыңгыз Мамаевдин күнөөсү бар экенине жетиштүү далил болбогонун жана Чыңгыз Мамаевдин укуктары бузуу жолу менен тергелгенин аныктап, сот залынан бошотту», — деди жактоочусу.

Өткөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармалган болчу. Декабрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту актёрго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөткөн. Кийин Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго «сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү» деп кат жолдогон эле.