Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, биринчи соттук отурумга шектүүнүн жактоочусу барган эмес. Соттук отурум 4-июлга саат 16:00гө жылдырылган.
Мамаев Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармашкан. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.