Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды

Актёр Чыңгыз Мамаевдин иши боюнча соттук отурум жылдырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, биринчи соттук отурумга шектүүнүн жактоочусу барган эмес. Соттук отурум 4-июлга саат 16:00гө жылдырылган.

Мамаев Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармашкан. Андан кийин ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.