Зордуктоого шектелген актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто бүгүн, 28-мартта каралмак.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон билдиришкендей, отурум жактоочунун суранычы менен 11-апрелге жылдырылды. «Жактоочусу иштин жагдайлары менен таанышуу үчүн отурумду жылдырууну суранды»,- дешти.
- Өткөн жылдын апрель айында актёр Кылмыш жаза кодексинин 155-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) боюнча шектүү катары кармалган болчу. Декабрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту актёрго карата козголгон кылмыш ишинин материалдарын тергөөдөгү кемчиликтерди толтуруу үчүн жөнөткөн. Кийин Чыңгыз Мамаев президент Садыр Жапаровго «сот адилеттүү болот деп ишенгем, бирок сабырым түгөндү» деп кат жолдогон эле. 11-январда ал үй камагына чыгарылган.