Жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин соту жылдырылды

Жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча алгачкы соттук отуруму бүгүн, 2-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда каралмак, бирок негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан отурум 13-сентябрга жылдырылды.

Ал милиция тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандык) боюнча кармалган.