Журналист Айжан Мырсан күнөөлүү деп табылып, айыпка жыгылды

Журналист Айжан Мырсан Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 100 миң сом айып салынган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы Айжан Мырсанга Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (расалык, улуттар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Маалыматка караганда, 16-мартта TikTok социалдык тармагында @rinat_usupbaev деген колдонуучунун аккаунту аныкталып, анын баракчасында Айжан Мырзанын улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүсү менен видеосу жарыяланган. Кылмыш ишинин алкагында ар тараптуу, диний жана лингвистикалык экспертиза дайындалган. РИИБдин корутундусуна ылайык, анын билдирүүлөрү улуттар аралык, улуттук, диний же аймактар ​​аралык кастыкты козутууга, улуттук кадыр-баркты басынтууга, жарандардын динге, улутка карата мамилесинен улам кемсинтүүгө багытталган. 23-июлда журналист адвокаттардын коштоосунда тергөө бөлүмүнө барып, керектүү процессуалдык аракеттерге катышкан.