«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев 2 айга камакта калтырылды

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Акыл Айтбаев 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 20-декабрга чейин №21 мекемеде камакта болот.

Бүгүн, 25-октябрда массалык түрдө кармалган саясатчы жана активисттин бөгөт чарасы каралып, алардын 21и 2 айга камакка алынды. Ал эми Талант Эшалиев жүрөк оорусуна байланыштуу үй камагына алынган.