Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды

Садыр Жапаровдун активдүү колдоочусу Бакай Кашкарбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Бишкек ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы кечээ, 31-октябрда Свердлов райондук сотунда каралган.

Кашкарбаев мындан эки күн мурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгү (бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү), 344-беренесинин 1-бөлүгү (кылмыш жөнүндө атайылап жалган билдирүү берүү), 119-берене (майда бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.