Жарандык активист Мелис Аспеков СИЗО-1ге которулду

Жарандык активист Мелис Аспеков УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Сот кечээ, 21-майда анын баш коргоо чарасын карап, 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызмат адамдарынын арызынын негизинде Мелис Аспеков менен блогер Улан Жураевди УКМК кармаган. Алар Финпол аркылуу текшертебиз, ишкананын жетекчилигине каршы митинг уюштурабыз деген коркутуулар менен 250 миң доллар пара талап кылганы айтылган. Жураев үй камагына чыгарылып, Аспеков камакка алынган болчу.