Активист Тилекмат Кудайбергенов эмнеге кармалды? Милициянын жообу

Жарандык активист Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мындан улам Кудайбергеновдун иши Жазык кодексинин 310-беренеси, («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалды.

Учурда ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Тилекмат Кудайбергенов (Тилекмат Куренов) коомчулукта жарандык активист катары таанымал. Ал буга чейин 9-мартта «Ак үйдүн» жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясынын уюштуруп, анда президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендигин айтып чыккан.