Активист Тилекмат Кудайбергеновдун санаалаш инисинин кайда экени дагы эле белгисиз

Жаңы Баш мыйзамга каршы чыккан активист Тилекмат Кудайбергеновдун санаалаш иниси Нурбек уулу Камчынын кайда экенидиги дагы эле белгисиз болуп жатат. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов СЕРЕП МЕДИА агенттигине билдирди.

«Адвокаты аны тапканга аракет кылып жатат. Бирок азыркыга чейин ал тууралуу маалымат жок. Адвокат аны таппай жатат»,- деди ал.

Ал эми СЕРЕП МЕДИА агенттиги бул иш боюнча Бишкек ШИИБге кайрылганыбызда: «Мындай жаран биздин кызматкерлер тарабынан кармалган жок»,- деген жоопту уктук. Ал эми УКМКнын басма сөз кызматы бул тууралуу эч кандай комментарий бере албастыгын айтышты.

Бүгүн, 17-мартта саясатчы Жеңиш Молдокматов активист Тилекмат Кудайбергеновдун санаалаш досун кечинде укук коргоо кызматкерлери кармап кетишкенин, анын кайда экендиги белгисиз болуп жаткандыгын айткан эле.

15-мартта Тилекмат Кудайбергеновду ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалына алып кетишкенин жазган эле. Бишкек шаардык милициясы кечээ, 16-мартта ал социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, камакка алынганын билдирген. Тилекмат Кудайбергенов Фейсбук социалдык түйүнүнө Тилекман Куренов деп катталган. Ал эми бүгүн активисттин баш коргоо чарасы Свердлов райондук сотунда каралып, аны 1 айга камакка алуу чечими чыкты.

Белгилей кетсек, 9-мартта «Ак үйдүн» жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясы болгон. Уюштуруучулардын башында аталган Тилекмат Куренов менен Жеңиш Молдокматов турушкан. Алар анда президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экендерин билдиришкен эле.