Аквапаркта 3-класстын окуучусунун көз жумушу боюнча 2 кылмыш иши козголду

Аквапаркта 3-класстын окуучусунун көз жумушу боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Октябрь РИИБден билдиришти.

6-июнда саат 11:00 чамасында милицияга «Ала-Тоо» аквапаркында 3-класстын окуучусу сууга чөгүп каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге барган милиция №95 мектеп-гимназиясынын администрациясы ата-энелери менен биргеликте мектеп окуучуларына эс алуу уюштуруп, анда 3-класстын окуучусу бассейндердин бирине чөгүп кеткени аныкталган. 

Аталган факты милицияга каттоого алынып, Жазык кодексинин 127-беренеси (байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү) жана 297-берене (керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу) беренелери боюнча кылмыш иштери козголду. Учурда тергөө иштери уланууда.