Аквапаркта чөгүп каза болгон окуучунун өлүмү боюнча материал сотко өткөрүлдү

«Ала-Тоо» аквапаркында эс алуу учурунда сууга чөгүп каза болгон 3-класстагы окуучунун иши Октябрь райондук сотко өткөрүлүп берилди. Бул маалыматты Октябрь РИИБден маалымдашты.

Эске салсак, буга чейин каза болгон баланын энеси SUPERTV каналына маек берип жатып окуяга катыштыгы бар адамдардын баарын кечиргенин айткан.