Акыйкатчы Ала-Букада ыдык көргөн делген 5 жаштагы кыздын видеосун таратпоого чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Ала-Бука районундагы сексуалдык ыдык көргөн делген 5 жаштагы кыздын видеосун таратпоого чакырды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Азыр маалымат келди, тилекке каршы тергөөчүнүн гана колунда болгон видео социалдык тармактарга таркатылыптыр. Сураныч, бул видеону жаңылык кылбаңыздар. Кичинекей баланын да укуктарын коргошубуз керек. Тергөөчүнү жоопкерчиликке тарттырганга аракет кылабыз. Анткени бул видео бир гана тергөөчүнүн колунда болгон. Бул видеону бөлүшпөңүздөр. Баланын кызыкчылыгын коргошубуз керек”, — деди Абдрахматова.

Кечээ, 14-июлда Жалал-Абад ОИИБ маалымат таратып, Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү камакка алынганын билдирген.