Акыйкатчы аппараты: «Сокулукта сабалган баланын апасы шектүүнүн күнөөсү жок экенин айтты. Ал шектүү менен жашап алган»

Кечээ, 5-февралда Акыйкатчы аппаратынын башчысы Аскат Азарбеков көгала болуп ооруканага түшкөн 2 жаштагы баладан кабар алды. Бул тууралуу аталган аппараттан билдиришти.

Алар баланын атасы менен (1997-жылы туулган Өзбекстандын жараны, 2013-жылы Кыргызстанга көчүп келген) менен сүйлөшкөн учурда 34 жаштагы иш берүүчүсү анын уулун дайыма ур-токмокко аларын, өзүн бир нече жолу пневматикалык тапанча менен бутуна аткылаганын билдирген. Баланын атасы иш берүүчүгө акча карыз болуп калган, ошондон улам анын үй-бүлөсү кулчулукта жүргөнүн айткан. Атасы Акыйкатчы институтуна иш берүүчүгө каршы арыз жазган. Арызда анын кол алдында жашы жете электер да иштерин, алар да ур-токмокко кабылып жатканы жазылган. 

Ошондой эле, Аскат Азарбеков баланын апасы — 21 жаштагы келин менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал баласы иш берүүчү тарабынан сабалбаганын билдирген. Дем алыш күндөрү балдарын атасы менен калтырганын айткан. Маалыматка караганда, келин жолдошу менен жашабайт. Ал иш берүүчүсү менен жашайт. Мындан тышкары, келиндин баланын атасынан 4 жаштагы кызы бар. Окуя Акыйкатчы аппаратынын көзөмөлүнө алынды.

3-февралда Сокулуктагы ооруканага 2020-жылы туулган бала дене жаракаттары менен түшкөнү маалым болгон. Чүй облусунун саламаттыкты сактоо боюнча координаторунун айтымында, бала реанимация бөлүмүнө баш мээсинин жабык жаракаты, бетинин, буту-колунун жаракаттары, бети жана моюну көгөргөн жана сыйрылган, эки колунун инфекциялуу жарааты менен жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, наристени сабоого шектелип 34 жаштагы жаран кармалган.