Акыйкатчы Фарид Ниязовду ден соолугуна байланыштуу камактан бошотууну суранды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова президентке жана башкы прокурорго Фарид Ниязовдун ден соолугунун абалын эске алып, анын мындан аркы камалышынын негиздүүлүгүн тез арада карап чыгууну өтүндү.

Акыйкатчы институтунун маалыматына караганда, Ниязовдун өкүлдөрү жана тарапкерлери анын ден соолугунун абалы оор экенин бир нече жолу билдиришкен. «Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун дарыгерлеринин 2021-жылдын 3-мартындагы жана 2022-жылдын 3-мартындагы консультациясынын Ниязовдун жактоочулары берген корутундуларынын көчүрмөлөрү боюнча ага гипертония III стадиядагы III даражасы диагнозу коюлган. Өкүлдөрү жана тарапкерлери оору күчөп баратат деп коңгуроо кагышууда», — деп айтылат маалыматта.

Акыйкатчы УКМКнын СИЗОсунда үч жаран каза болгондон кийин бардык мамлекеттик органдар улуттук мыйзамдардын талаптарын жана камакта адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча таанылган эл аралык кепилдиктерди так аткаруусу керектигин белгиледи.

Акыйкатчы өлкө жетекчилигин камакка алуу маселесин козгогон укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүндөгү учурдагы кырдаалга көңүл бурууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Фарид Ниязовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурумдарга көз салууда.