Акыйкатчы институту: «Бишкекте аялды чогуу жашаган эркек катуу сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаган»

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын 38 жаштагы күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын укуктарын сактоого чакырат.

Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял кайрылган. Маалыматка караганда, 14-сентябрда аны жарандык жолдошу катуу сабап, колуна үтүк басып, андан соң зордуктаган. Аялдын айтымында, окуя болуп жатканда кичинекей кызы башка бөлмөдө болгон. Аял ич кийимчен, жылаңайлак араң качып чыгып, күзөтчү отурган жерге жашынып калган. Кошуналары ага жардам берип, анан милицияга кайрылган. “Зордуктоо” беренеси менен иш козголуп, чогуу жашаган эркек 2 айга тергөө абагына киргизилген. Бирок жактоочусу макул болбой Бишкек шаардык сотуна даттанган, иш бүгүн каралат. Жабырлануучу сот шектүүнү коё берип жиберет деп кооптонот. Аял күйөөсү чыккандан кийин да зомбулук көрсөтөрүн айтат.

Адвокаттын айтымында, аял шектүүнүн таасирдүү адамдар менен байланышы болгондуктан корккон. Зөөкүр англис тил мектептеринин биринин директору экени белгиленди.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин, ошондой эле шаар прокурорун бул ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырды.