Акыйкатчы: «Курсан Асанов ИИМдин имаратын басып албаганын айтты»

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына барып, ал жерде кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен жолугушту.

Акыйкатчы менен сүйлөшүү учурунда Асанов ал өзү жана анын адвокаты башка шектелүүчү Алмаз Сарыбаев менен сүйлөшкөн делген аудио жазууга Орусия жана Казакстанда жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу алынганын айткан. “Экспертиза көрсөткөндөй, бул аудио жазуу алты жеринен монтаждалганын көрсөттү, анда ар кайсы учурда, ар кайсы жерлердеги, ар кайсы сүйлөшүүлөр монтаждалганы белгилүү болду”, — деди ал.

«Ага укук коргоо органдары тарабынан коюлуп жаткан күнөөлөр боюнча, ИИМдин имаратын басып албаганын, 2020-жылдын 6-октябрында ал ИИМдин имаратына мурдагы ИИМ министри жана башка адамдар баргандан жарым саат өткөндөн кийин барганын белгиледи. Аны УКМКга чакырганда ал жерде Өмүрбек Суваналиев, Темир Сариев, Чолпон Жакупова жана Артур Медетбеков болгон. Ал ошондой эле ИИМ министри кызматына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Суваналиевден жазуу түрүндө буйрук алгандан кийин киришкенин белгиледи. Андан тышкары, ал ИИМдин жамаатына расмий да тааныштырылган. Курсан Асанов аны министр кылып дайындоо тууралуу 2020-жылдын 6-октябрында кол коюлган каттын көчүрмөсүн берди», — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышкан.