Акыйкатчы УКМКнын тергөө абагына барып, 4 баланын энесин үй камагына чыгарууну суранды

Акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек шаардык сотунун төрагасынан кечээ митингчилер суранган 4 баланын энеси Жылдыз Чодобаеваны үй камагына чыгарууну суранды. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-февралда акыйкатчы Токон Мамытов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына барып, кылмышка шектүү деп, Аскер прокуратура тарабынан кармалган Жылдыз Чодобаева менен жолугушкан. Анда Чодобаева кармоо шарттарына нааразы эместигин айтып, бирок баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүп берүүгө жардам сураган. Себеби аталган аялдын 4 баласы бар, эң кичүүсү эмчектен чыга элек.

Чодобаева УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевге байланыштуу кылмыш ишинин алкагында 8-февралда камакка алынган.

Бул иш боюнча кечээ, 15-февраль күнү Өкмөт үйүнүн алдына Чүй облусунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн жашоочулары алардын айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп  иштеген Жылдыз Чодобаеванын Сегизбаевге байланышкан кылмыш ишине тиешеси жок экенин айтып митингге чыгышкан. Ошондой эле алар тергөө амалдары бүткүчө Чодобаеваны абакта кармабай, үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Ошондой эле бул боюнча тергөө абагында жаткан УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев да кайрылуу кат жазган. Анда да ал Чодобаеванын ага айыптап жаткан иштерге тиешеси жок экенин айтып, бийлик күнөөсүз айыл өкмөтүнүн катчысын саясий оюндарына аралаштырып жатканын айткан.