«Иним Замирбектен коркконунан улам Айзаданы ала качууга аралашып калган» дейт шектүүнүн эжеси

Айзада Канатбекованы ала качууга шектүү катары кармалгандардын бири Сыймык Молдосариев ала качууга коркконунан кошулуп калган. Бул тууралуу анын бир тууган эжеси Айзат Басарбай кызы СуперТВ каналына маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Сыймык Молдосариев акыл-эси жагынан өөрчүбөй калган, психикалык жактан ооруйт. Ал Айзада Канатбекова ала качууга дуушар болордон бир күн мурда Нарындан Бишкекке келип, Замирбек Теңизбаев жана анын досторуна туш келип калган. “Жанындагы акчасына тамак алдырып жеп, акчасы түгөнгөндө коё беришиптир”, — дейт Сыймык Молдосариевдин эжеси.

Маекти шилтемеден көрө аласыздар.