Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда акын Аскат Жетигендин иши боюнча чечим чыкты.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркиндигинен ажыратылды. Экинчи 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча сот акынды актады.
16-мартта акын Аскат Жетиген “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деп кармалып, 18-мартта эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Бирок 20-мартта ага карата дагы бир кылмыш козголгону маалым болуп, эки айга камакка алынган болчу.