Акын Аскат Жетигендин кармалганы маалымдалууда

Кечээ, 16-мартта акын Аскат Жетиген кармалып, 48 саатка камакка алынганын анын адвокаты билдирди. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.

Жактоочунун айтымында, акын Кочкордон Бишкекке алып келинген. Ал “бийликти басып алууга чакырык жасаган” деп шектелүүдө.

Расмий органдар акындын кармалышы боюнча азырынча маалымат бере элек.

Аскат Жетиген акын, комузчу, обончу, композитор. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. Акын элге “Зарыкканда” деп аталган ыры менен белгилүү.