Акын Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши козголду

Акын Аскат Жетигенге дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу анын жактоочусу билдирди.

Маалыматка караганда, 278-берененин негизинде кылмыш иши козголгон. «Азыр сотко жеткирилет»,- деди жактоочу.

Ал 2 күн мурда чет жакка кетпөө тил каты менен абактан бошотулгандан кийин кайрадан видео кайрылуу жасаган. Алдын ала божомолдор боюнча, ал видеокайрылуусундагы «бийликти кетиребиз» деген сөзү үчүн кайра сотко чакырылган болушу мүмкүн.