Акыркы суткада өлкө боюнча 8 өрт кырсыгы катталды

Акыркы сутка ичинде республика боюнча 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аларды өчүрүүгө жалпы 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өрт чыккан аймактар:

Бишкек шаарында — 2;

Чүй облусунда — 4;

Ысык-Көл облусунда — 1;

Ош облусунда — 1.