«Бирөөнүн кызын кескилеп, өлтүрүп салышы мүмкүн». Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин апасы кызы тууралуу айтып берди

Селекцияда кулак-мурду кескиленген келиндин апасы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кызынын абалы учурда орточо оор абалда экенин билдирип, кызы тууралуу айтып берди.

«Кызым ал зөөкүргө 19 жашында турмушка чыккан. Улуу баласы 17де, кичүүсү 10 жашта. 4 ай мурун сот аркылуу ажырашышкан. Ал ушундан качып, Италияда 4 жыл иштеп келди. Келгенине бир жыл эле болгон. Балдарым деп келген. А тиги зөөкүр сабап, зордуктап жүрдү. Милицияга кайрылып, канча сотко берип жүрдүк. Эч нерсе кыла алышкан жок. Турмушка чыгып жатканда жаш болчу, кызымды коркутуп эле алып алган окшойт. Аны чыгарып жиберишсе, бирөөнүн кызын кескилеп өлтүрүп салышы мүмкүн. Ал коом үчүн кооптуу», — деди ыйлаган апа.

Редакция ошондой эле чогуу иштеген аял менен сүйлөшкөнүбүздө, мурдагы күйөөсү жумушка чейин барып коркутуп кетип жүргөнүн, милицияга салып беришсе, 2 сааттан кийин чыгып, ар кайсы номурлар менен коркутуп, чалып жүргөнүн айтты. «Мен палатага кирип көрүп чыктым. Бетинин баары оролгон. Сүйлөй албайт, нес абалда. 5-6 жылдан бери кордук көрүп жүргөн экен», — деди ал.