«Ал кыз көңүл чордонунда болгусу келди». Бишкекте мушташкан модель окуя боюнча үн катты

Бишкекте кыздар мушташкан видео тараган. Видеонун авторунун айтымында, окуя Бишкектеги түнкү клубдардын биринде болгон. Анын айтымында, модель Сусанна Егорян ага кол салган, андан кийин алар көчөдө мушташты улантышкан.

Модель социалдык тармактагы баракчасына окуя боюнча түшүндүрмө берип, ал спортсмен кыздар менен эс алып жүргөнүн, спортто жүргөн кыздар бирөөнө кол көтөрбөй турганын, ал эми өзү белгилүү адам болгондуктан, ага ызы-чууга аралашуу керек эместигин айткан. «Ал өзү келип эле «менин курбумду түртүп салдың» деп баштады. Ал кыз көңүл чордонунда болгусу келди», — деди ал.