Ала-Арча дарыясы жээгинен чыкпаганы маалымдалды

ӨКМ Ала-Арча дарыясы жээгинен чыкпаганын билдирди. Маалыматка караганда, каналдын шлюзу жабылбай калып, суу Бишкектин түштүгүндөгү бөлүгүн каптаган.

Жеринде ӨКМдин кызматкерлери, техника иштеп жатат.

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин өйдөңкү бөлүгүндөгү жолдордо суу каптап жатканы маалым болгон. Соцтармак колдонуучулары Ала-Арча дарыясы жээктен чыгып кеткенин божомолдошкон болчу.