Ала-Арча капчыгайында 2 турист бутун кокустатып алып, ооруканага жеткирилди

Кечээ, 21-августта Аламүдүн районунун Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Украина өлкөсүнүн 67 жаштагы жараны жана ошондой эле капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехия өлкөсүнүн 71 жаштагы жараны буттарын кокустатып алышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышкан. Куткаруучулар жеткенге чейин Украина өлкөсүнүн жаранын «Ала-Арча» улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирип беришкен. Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалдары канааттандырарлык.

Маанилүү кабарларды өткөрүп жибербеңиз!

Биздин Телеграм канал: @serepkg