Ала-Арча капчыгайында 5 туристтин бири бутун сындырып алган. Аны түнү менен тоодон түшүрүштү

9-сентябрь күнү Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайынан түшүп келе жаткан 5 туристтин бири бутун сындырып алган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 16:00дө Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар 10-сентябрга караган түнү деңиз деңгээлинен болжол менен 2800 метр бийиктиктеги тоодон атайы шаймандардын жардамы менен 1988-жылы туулган аял кишини алып түшүп, күндүз саат 14:25те Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган турист Казак жараны болгон. Ал эми калган 4 турист жабыркаган эмес.