Ала-Арча капчыгайында орусиялык турист тик учак менен куткарылды (видео)

Бүгүн, 8-ноябрда Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунан орусиялык турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

4300 метр бийиктиктеги Рацек чокусуна чыгуу учурунда жабыркаган 41 жаштагы альпинист-туристти ӨКМге караштуу Авиациялык Издеп-куткаруу кызматынын учкучтары «Ак-Сай Трэвел» ЖЧКсынын куткаруучулары менен куткарышты. Альпинисттер чет өлкөлүк жаранды тик учак коно ала тургандай деңиз деңгээлинен 3900 метрге бийиктикке алып түшүшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине туристти тез арада эвакуациялоо зарыл экендиги тууралуу маалымат беришкен. Компания жабырлануучуга медициналык жардам керектигин билдирип, куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн тик учак бөлүп берүүнү өтүнүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат менен кайрылган.

Алдын ала маалымат боюнча, 1982-жылы туулган турист Орусиянын жараны. 7-ноябрь күнү саат 11:10до деңиз деңгээлинен 4300 метр бийиктикте жайгашкан Рацек чокусуна чыгуу учурунда бутунан жаракат алган. Керектүү жардам көрсөтүү үчүн турист ооруканага жаткырылды.