«Ала-Арча» паркына барчу жолдо катталган жол кырсыктын видеосу тарады

Бишкек — «Ала-Арча» паркы жолундагы «Сейил» эс алуу жайынын тушунда оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүштү. Кырсыктын видеосу соцтармактарга жарыяланды.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 14-апрелде катталган. Түштүктү көздөй бараткан жеңил унаа алдындагы КамАЗ менен сүзүшкөн. Ооруканага эки айдоочу менен кошо Honda Civic унаасынын жүргүнчүлөрү да кайрылган.