“Ала-Арча” соода борборунун 2 миң чарчы метри мамлекетке кайтарылды

“Ала-Арча” соода жана оюн-зоок борборунун аянты 2000 чарчы метр болгон турак эмес жайлары мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

“Ала-Арча” соода борборунун 3-кабатында жалпы суммасы 344 миллион сом болгон 2000 чарчы метри кайтарылды.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө 2007-жылы Бишкек мэриясынын токтому менен “Э.И.Г.” компаниясына коомдук жана соода борбору бар көп кабаттуу турак жай комплексин долбоорлоо жана куруу үчүн 2,16 га жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилгени аныкталды. Бишкек мэриясы тарабынан жогоруда аталган жер тилкелерин берүү шарттарына ылайык, ижара берүүчү курулган турак жайдын 10 пайызын муниципалдык менчикке өткөрүп берүүгө милдеттендирилген. Ошол эле учурда, 2017-жылы “Э.И.Г.” компаниясы пайда алуу максатында жана бул милдеттенмелерди аткарбоо максатында 1074 га жер тилкесин “Т.И.” ЖЧКсына сатып жиберген, ал өз кезегинде “Ала-Арча” соода борборун куруп салган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында көрүлгөн комплекстүү иш-чаралардын натыйжасында “Ала-Арча” соода борборундагы (3-кабат) аянты Бишкек мэриясынын балансына өткөрүп берди.