«Ала-Арча» соода борборунун башкы директору кармалды

Ири өлчөмдө акча алган, алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 4-башкармалыгынын кызматкерлери — 2 миллион 960 миң сомдон ашуун ири өлчөмдө акча алган, алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты.

2023-жылдын ноябрь айынын аягында ИИМдин Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылып, 2018-жылы туруктуу киреше убада кылып, «Фаргокоин» криптовалютасын сатуу боюнча бүтүмдүн шылтоосу менен 22 миң доллар жана 1 миллион сом суммасында акча каражатын ээлеп алган адамдарга чара көрүүнү суранган. Келтирилген жалпы чыгым 2 миллион 969 миң сомду түзөт.

Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде 2024-жылдын 23-январында кылмышка шектүү катарында «Ала-Арча» соода борборунун башкы директору кармалган. Тергөө уланууда.