Ала-Арча суу сактагычына чөгүп кеткен 19 жаштагы жигиттин сөөгү бүгүн табылды

Бишкектеги Ала-Арча суу сактагычынан 19 жаштагы жигиттин жансыз денеси чыгарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кечээ, 26-июнда Калыс-Ордо конушундагы Ала-Арча суу сактагычына 19 жаштагы жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бүгүн, 27-июнда 6 суучул-куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгү чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.