Ала-Арча суусунан жансыз дене табылды (сүрөт)

Чүйдөгү Ала-Арча суусунан жансыз дене табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка карганда, ӨКМге Ала-Арча суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы туралуу маалымат түшкөн. Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.