Ала-Букада айыл өкмөт башчысы бычакталды. Милициянын маалыматы

Ала-Букада айыл өкмөт башчысы бычакталды. Маалыматты Жалал-Абад ОИИБден тастыкташты.

Маалыматка караганда, 12-январь күнү саат 15:50 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Бука районунун аймагындагы борбордук базарда 71 жаштагы аял киши 1974-жылы туулган жаранды сол кокүрөгүнө бычак менен сайып салганы тууралуу маалымат түшкөн.

Кесепетинен 1974-жылы туулган жаран ооруканага жаткырылган. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Териштирүү учурунда жабырлануучу Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы экендиги аныкталган. Кылмыш ал жана ал жол боюнда мыйзамсыз соода-сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү учуруда болгон. Аял ашкана бычагы менен көкүрөгүнүн сол тарабына сайган. Шектүүнүн 1999-жылдан бери психологиялык жактан жабыркап каттоодо тургандыгы маалым болгон. Ал 48 саатка камакка алынды.