Ала-Бука райондук жайыт комитетинин төрагасы пара алууга шектелип кармалды

Ала-Бука райондук жайыт комитетинин төрагасы пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Көк-Таш айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Өзбек жаранынын 9 баш бодо малын мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2 миң доллар акча талап кылган. Бул боюнча Өзбек жараны УКМКга кайрылган. Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү талап кылынган акча каражатынын бир бөлүгү 1 миң доллар өлчөмүндөгү сумманы алып жаткан жеринен кармалган. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинде («Опузалап талап кылуу») каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү тергөө-абагынын убактылуу кармоочу жайына 2 айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.