Ала-Букада 5 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү камакка алынды

Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунда 5 жаштагы кызга карата ыплас аракеттерди жасаган шектүү камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«14-июль күнү милицияга Ала-Бука районунун 32 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда 13-июль күнү саат 16:00 чамасында 5 жашар кызын жашы 35-40 чамасындагы белгисиз жаран үйүнүн жанындагы дүкөнгө алып кирип, ал жерден балмуздак жана шириндиктерди алып берип, жакын жерде жайгашкан бакка ээрчитип кирип, ыплас аракеттерди жасаган деп билдирип, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Аталган арыз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, 158-берене (ыплас аракеттер) менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлө баштаган.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чаралардын натыйжасында, Ала-Бука районунун 40 жаштагы тургуну камакка алынды. Ал Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат», — деп билдиришти милициядан.