Ала-Бука районунда мектептин курулушу бүтпөй, мамлекетке 8 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген

Ала-Бука райондук прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирген фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары Ала-Бука районуна караштуу 1-Май айыл өкмөтүнүн Жаңы-Шаар айылына 150 орундуу мектеп курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөй, натыйжада мамлекетке 8 миллион 845 миң 500 сомдук зыян келтирилген. Бул факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, келтирилген зыянды өндүрүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.