Ала-Бука — Шекафтар жолунда чоң көпүрө кулап түштү

Кечээ, 25-май күнү Ала-Бука — Шекафтар унаа жолунда унаа өтүүчү көпүрө кулап калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган унаа жолу Чаткал районунун Сумсар айыл өкмөтүндөгү Шекафтар айылында жайгашкан. Ал жерге куткаруучулар, ИИМден 1 кызматкер жана техникалар тартылган. Натыйжада урап түшкөн көпүрөдөн 100 метр алыс аралыкта темир түтүкчө орнотулуп, унаалар үчүн айланма жол салынды. Саат 22:00дөн тарта бир тараптуу жол каттамы ачылган. Аталган аймакта бүгүн, 26-майга карата тартылган техникалык каражаттардын жардамы менен иш-чаралар улантылууда.