Ала-Букада 3 эркек киши кен казган ишканадан алтын карактап, ок чыгарышкан

Милиция Ала-Букада кен казган компаниядан алтын карактоого шектелген кылмыштуу топту кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

8-ноябрга караган түнү саат 02:30 чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен. Кен казган ишкананын кароолчуларын таяктары менен уруп-сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, бутуна учтуу нерсе менен сайып денесине залал келтиришкен. Бөлмөнүн ичинде жаткан чет элдик жана кыргыз жарандарын таяктар менен уруп, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал менен коркутушуп, колдорун байлашып, жабырлануучулардын уюлдук телефондорун жерге чаап, талкалап, жараксыз абалга келтиришкен. Чет элдик жаранды коркутуп, чөнтөгүнөн 20 миң сом накталай акчасын алышкан. Алтын металлы салынган бөлмөнүн айнегин бузуп киришип, Wi-Fi роутерин талкалашкан. Темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 килограмм 833 грамм алтын металлын тартып алышкан. Ишкананын короосунда токтоп турган Митсубиси Делика үлгүсүндөгү унаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган Тойота Ленд Крузер Прадо үлгүсүндөгү унаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен. Кылмыштын кесепетинен кен казуучу ишканага жалпы суммасы 10 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Бул факты Ала-Бука РИИБге Жазык кодексинин (2017-жылдагы редакция) 202-беренеси (Каракчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, ИИМдин 7-башкармалыгынын, ИИМдин Маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ыкчам талдоо тобунун, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ала-Бука РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмыш ишине шектелип, Ала-Бука районунун 1992, 1995 жана 1996-жылы туулган тургундары кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул факты боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары улантылып жатат.