Ала-Букада 35 миллион сомдон ашкан бир нече жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылып, 9 кызматкер кармалды

Ала-Букада 35 миллион сомдон ашкан бир нече жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылып, 9 кызматкер кармалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты.

«2004-2022-жылдар аралыгында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жана райондук жер ресурстары кызматынын филиалынын жооптуу кызматкерлери жалпы пайдалануудагы жерлерге жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды беришкен. Аталган аймакка райондук борбордогу автобекеттин аймагы кирет жана жалпы аянты 1,20 га. Мындан тышкары Кыргызтелеком ААКнын жооптуу кызматкерлери өздөрүнүн ички буйругу менен жеке жактарга жер тилкелерин беришкен. Ала-Бука айыл өкмөтүнүн кызматкерлери тарабынан трансформацияланбаган жерлерден жер тилкелерин бөлүп берүү чечими кабыл алынган», — деп жазылат маалыматта.

Топтолгон материалдардын негизинде «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында Ала-Бука айыл өкмөтүнүн жана Кыргызтелеком, Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын Ала-Бука филиалынын, мурдагы жана азыркы 9 кызматкери кармалды.

Тергөө иштери улантылууда.