Ала-Букада «Беспредельщик» атыккан жаран кармалды

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “беспредельщик” атыккан жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМКга Ала-Бука районунун тургундарынан «1971-жылы туулган Ала-Бука айылынын тургуну мурда бир нече жолу соттолгон (бейбаштык үчүн 4 жолу жана киши өлтүрүү үчүн 1 жолу), өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн жана жергиликтүү тургундарга, атап айтканда Ала-Бука айылындагы коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу негизде физикалык зомбулук көрсөттү» деген кайрылуулары келип түшкөн.

1-апрелде ал кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ошол эле учурда анын жашаган жерин тинтүү учурунда уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.