СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин «Элдик кабарчы» бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Чоң-Сай айылынын тургуну кайрылып, кечээ, 7-августта сел жүргөнүн билдирген. Маалыматты ӨКМден тастыкташты.
«Ала-Бука районунда кечээ, 7-август күнү саат 15:30 чамасында Көк-Таш айыл аймагында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулар Чоң-Сай айылында 1 турак үйдүн времянкасын, 7 турак үйдүн короосун, 1 сарайды, 600 метр аралыктагы ички чарбалык жолду каптап, 2 электр мамыны жана ВАЗ үлгүсүндөгү унааны агызган. Ал эми Кулпек-Сай, Жалгыз-Өрүк айылдарынын ички чарбалык жолдорун аралап өткөн», — дешти.
Ала-Бука райондук ӨКБнөн 4 куткаруучу, РЭТтен 5 кызматкер, РИИБден 2 кызматкер (жалпы 11 адам), Көк-Таш-Тех-Кызмат муниципиалдык ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 ХОВО, 1 грейдер жана менчик 1 экскаватор (жалпы 4 техника) тартылган.