Ала-Букада кар көчкүнүн алдынан чыгарылган кызматкерлердин абалы айтылды

Ала-Бука районундагы Иштамберди тилкесинде «Фулл Голд Майнинг» алтын казуучу фирмасына кар көчкү түшүп, 4 кызматкер кар алдында калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аталган 4 жаран кен казуучу компаниянын кызматкерлери тарабынан чыгарылып, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда баарынын абалы туруктуу экени айтылууда. Жерине райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тартылып, бирок Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кировка авто унаа жолунун 45-чакырымына кар күрткү түшүп, автоунаа өтө албагандыктан туруктуу ордуна кайтышкан.