Ала-Букада Өзбек чек арачылардын огунан каза болгон ата менен анын уулдары жерге берилди

Ала-Букада Өзбек чек арачылардын огунан каза болгон 48 жаштагы киши менен анын 20 жана 24 жаштагы уулдары жерге берилди.

Буга чейин каза болгондордун бир үй-бүлө мүчөлөрү экени маалым болгон.

Кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Кесепетинен Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болгон.